Шайлоого келбей, добуш бербей жүргөндөрдүн жоопкерчилигин кароо сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоого катышууну милдеттендирип, мыйзам бузгандарды жазалоону караган мыйзам долбоорун сунуштады.
Эл өкүлү шайлоого келгендер үчүн лотерея өткөрүү боюнча сунуштап, мамлекеттик айрым жеңилдиктерди активдүү шайлоочуларга гана берүү демилгесин көтөрдү.
Ошол эле документте шарты болуп туруп, бирок добушун бербегендерге алгач эскертүү кылып, андан кийин айып салуу каралган. Ал эми шайлоого үч жолу себепсиз катышпагандарды беш жылга чейин шайлануу укугунан ажыратуу жана мамлекеттик кызматтарга албоо сунушталган.
Өлкөдө акыркы жылдары жарандардын шайлоого катышуусу төмөндөп, 2025-жылдагы парламенттик шайлоого электораттын 36,9 пайызы (үчтөн бирине жакыныны) гана келген.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров эл шайлоого катышууда аябай пассивдүү экенин, добуш берүүнү милдеттендирген мыйзамдын зарылдыгын айткан эле.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жапаров: келерки парламенттик шайлоодо эл онлайн добуш берип калышы мүмкүн