БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Орто-Токой гидроэлектростанциясынын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Долбоорду "Чакан ГЭС" ААКы ишке ашырууда.
"Бүгүнкү күндө 950 метрлик деривациялык тоннель казылды. Ал эми суу өткөрүүчү тоннелдин темир-бетон каптамасы бетондолууда. Мындан тышкары, үч чыгуусу бар тоннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүп, №1, 2 жана 3 гидротурбиналардын жабдуулары толук монтаждалып бүттү", — деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерин 2026-жылдын биринчи жарымында аяктоо пландалууда. Аталган ГЭСтин кубаттуулугу 21 мегаватты түзөт.