БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саатта жана кечинде катуу шамал болот. Бул туурасында ӨКМ эскертүү берди.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүндүгүн айтышты.
"Электр чубалгыларынан, жарнамалык такталардан, бак-дарактардан алыс болуңуздар. Кандайдыр бир кырсыкка кабылсаңыз, 112 кызматына токтоосуз билдириңиз", — деп айтылган эскертүүдө.