БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бир кезде кыргыз жараны болуп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга Кыргызстанга визасыз кирип-чыгуу укугун берүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, парламенттин сайтына жарыяланды.
“Документ жарандыгын алмаштыргандарга өлкөдө каалашынча жүрүп, кирип-чыгып жана транзит менен тоскоолдуксуз өтүүгө шарт түзөт”, — деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Мында алар миграциялык мыйзамдардын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалынын талаптарын сактоого тийиш. Кирүү жана жүрүү тартиби министрлер кабинети тарабынан белгиленет.