"Кыргызстан 2006-жылдан бери Европа биримдигинин "кара тизмесинде". Уюмдун акыркы катында көрсөткүчтөр жакшы экендиги, туура жолдо бара жатканыбыз белгиленген. 2023-жылдан тарта ЕБдин "кара тизмесинен" чыгуу процесси кызуу башталып, жарандык авиация тармагындагы бардык багыттар боюнча иштер жүрдү. Эки жолу Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен ийгиликтүү өтүп, жыйынтыгы да жакшы болду. Учурда "кара тизмеден" чыгуу процессинин акыркы баскычында турабыз. Марттын аягында атайын комиссия келип, аудит өткөрүп, май айында комиссиянын транспорттук комитетинде жыйынтыгы айтылат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө авиакомпаниялар сертификациядан өтүп жатат. Алсак, 2023-жылдын башында өлкөдө 21 авиакомпания болсо, учурда алардын саны кыскарып, 11 компания болду. Сертификация 13-февралда аяктайт. Ошондо дагы жыйынтыгы белгилүү болот", — деди Төлөгөнов.