БИШКЕК, 13-янв. — БИШКЕК. Республикачы Рэнди Файн Гренландияны АКШга кошуу боюнча мыйзам долбоорун Конгресске киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бүгүн конгрессмен Файн (Флориданын 6-округунан) Гренландияны аннексиялоо жана штат статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизди", — деп айтылат жарыяланган маалыматта.
Вашингтон бул аймакка Арктикадагы кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн кызыгып жатат. Ошондой эле АКШ Гренландияга Россия менен Кытайдын таасири күчтөнүп жатат деп эсептөөдө.
"Гренландияны көзөмөлдөгөн тарап Арктика деңиз жолдорун жана АКШны коргогон коопсуздук архитектурасын кошо колго алат. Америка аймакты анын баалуулуктарын жек көргөн жана коопсуздугуна шек келтирүүнү каалаган режимдердин колуна берип коё албайт", — деп айтылат Файндын билдирүүсүндө.
Тиешелүү мыйзам кабыл алынган учурда Дональд Трампка аралды аннексиялоого же сатып алууга зарыл болгон кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет.
Гренландия Дания королдугунун курамына кирет. 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болгон, бирок 2009-жылы өзүн-өзү башкаруу жана ички саясатын аныктоо мүмкүнчүлүгү менен автономия алган.