БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Балыкчынын мэри Баатырбек Жантаев жаман чапан менен өтүк кийип алып, түнү менен уктабай объектилерди кыдыра тургандыгын аппараттык кеңешменин учурунда айтты.
"Мен эми уктабайм, түнкүсүн да барып текшерем. Кимдин иштеп жатканын, бардыгын билебиз. Коррупция, ар кандай иштер менен илинип калбагыла. Бүт иштерди план боюнча өзүм көзөмөлдөп, өзүм чуркап бүтүрөм", — деди Жантаев.
Ал коррупциялык схемаларга жана мыйзамсыз иштерге жол берилбестигин эскертти.
Баатырбековдун Ысык-Көлдүн боюндагы калааны башкарууга келгенине жарым жыл болду.