15 миң долларга чейин күрөө. ТИМ АКШ элчиси менен виза маселесин талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, АКШ визасын алуу үчүн киргизилген жаңы талаптар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Маалыматта мындай чара ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратары айтылганы белгиленет.
Элчи кошумча талаптар анык бир өлкөгө эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.
Буга чейин Америкага барууну каалаган кыргызстандыктар 21-январдан тарта 5 миңден 15 миң долларга чейин күрөө коюшу керектиги айтылган. Анын суммасы консулдук кызматкер визага арыз бергендер менен маектешип жатканда жеке тартипте аныкталары маалым болгон.
Байсалов Кыргызстан АКШ жарандарына коюлган визасыз режимди карап чыгууну сунуштады