Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?

Sputnik
“Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында 2025-жылдын 11 айында 2 миллион 141 миң 70 укук бузуу аныкталды. Бул көрсөткүч былтыркыдан 831 миң 907 укук бузууга көп. Мындай натыйжа долбоордун жалпы өлкө аймагына жайылышы жана жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу экени кабарланды. “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашып жатканы тууралуу ЖККББнын мониторинг борборунун башчысы Медербек Шабданов айтып берди.