Шаабай Азизов — кыргыз элинин улуу манасчыларынын бири, «Манас» эпосун муундан муунга жеткирген залкар устат. Анын айтуучулук чеберчилиги, терең эпикалык билими жана өзгөчө аткаруу манерасы кыргыз манасчылык мектебинде өзүнчө бир бийик деңгээлди түзгөн. Шаабай Азизов бир гана манасчы эмес, көптөгөн шакирттерди тарбиялап, улуттук оозеки мурастын сакталып, өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан катары таанылган.
Бул маекте залкар манасчынын шакирти Талантаалы Бакчиев Шаабай Азизовдун өмүр жолу, манасчылык өнөрдөгү орду, устаттык мектеби, ошондой эле бүгүнкү муун үчүн калтырган руханий мурасы тууралуу кенен айтып берди.