Акыйкатчы институту адамдын жана жарандардын укуктарын коргоодо маанилүү ролду аткарып келет. Мекемеге жыл сайын 10 миңге жакын арыз-кайрылуу келип түшөт. Алардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан фактылар бүгүнкү күндө да курч бойдон калууда. 2025-жылы Акыйкатчы институту жүргүзгөн көзөмөлдүн алкагында адам укуктарын бузууга байланыштуу 136 учур аныкталган. Анын ичинен 30 учур саламаттык сактоо тармагына, 18и билим берүү мекемелерине, 15и жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ал эми 10у сот органдарына тиешелүү болгон.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева “Ачык кеп” программасында билдирди. Ошондой эле ал Акыйкатчы институту аймактарда мониторинг жүргүзүп, эл менен түз байланышта иш алып барганын жана мамлекеттик органдарга берилген укуктук сунуштамалардын негизинде айрым маселелер оң жагына чечилгенин белгиледи.