Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жаңы Батыш автобекети менен жаңы "Ош" базары ушул жылдын май айында курулуп бүтүп, ачылат. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.Бүгүн Туманбаев менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун кандай жүрүп жатканын барып көрүп, текшерген. Ал объектилер ШКУнун саммитине чейин иштеп калышы керектигин өкмөт башчыга маалымат берип жатканда айтты.
Балыкчынын мэри Баатырбек Жантаев жаман чапан менен өтүк кийип алып, түнү менен уктабай объектилерди кыдыра тургандыгын аппараттык кеңешменин учурунда айтты. Ал коррупциялык схемаларга жана мыйзамсыз иштерге жол берилбестигин эскертти. Баатырбековдун Ысык-Көлдүн боюндагы калааны башкарууга келгенине жарым жыл болду.**Токмокто реконструкцияланган кинотеатр ачылды.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдиргендей, реконструкция аймактардагы маданий объектилерди жандандыруу боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү болуп калды. "Фонд тарабынан долбоорду каржылоого бөлүнгөн сумма 1,55 миллион долларды түздү. Бул каражатка Чолпон-Ата, Баткен, Кербен, Токмок, Араван жана Беловодскидеги алты кинотеатр реконструкцияланат", — деди Новиков. Демилге 200 жумушчу орунду түзүп, алыскы аймактардын тургундарына заманбап кино тасмаларды жеткиликтүү кылат. Токмок шаарындагы кинотеатр 1973-жылы курулган, кийин көп жылдар бою иштебей турган. Долбоордун алкагында 400 орундуу зал толугу менен оңдолуп, санариптик жабдуулар жана ыңгайлуу эмеректер коюлду. Кинотеатрдын кайра жанданышы бардык шаардыктар үчүн көптөн күткөн окуя болгону белгиленди. Россия каржылаган фонддун негизги милдеттери Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана аны Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоо болуп саналат. РКӨФ 11 жыл ичинде өлкө экономикасына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салып, 3,5 миңден ашуун биргелешкен долбоорду каржылады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик чабуул коюуга уруксат берүүгө ниеттенип жатат, бирок өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшүнө жана жакын кеңешчилери менен сүйлөшкөнүнө жараша позициясын өзгөртүшү да мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды. Андагы маалыматка таянсак, Ак үй Ирандын өзөктүк программасы жаатындагы дипломатиялык байланыштарды жаңылоо боюнча Тегерандан түшкөн сунушту чогултуп, бир карашы мүмкүн. Маалымат булактар президенттин даражасы жогору турган, тагыраагы, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс баш болгон жардамчылары биринчи иретте дипломатиялык каналдарды колдонууга басым жасап жатканын белгилешти. Кечээ президенттик учактын бортунда журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп Иран АКШга өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө даяр экенине ниети бардыгын билдирди деп, сөздүн чекесин чыгарды. Басылманын маалымат булактары белгилегендей, президент азырынча акыркы чечимди кабыл ала элек жана шейшембиде мындан аркы таштачу кадамдарды кеңешчилери менен талкуулоону көздөп турат. Ирандын объектилерине сокку уруу, кибероперацияларды жүргүзүү, кошумча санкцияларды киргизүү жана Тегеран бийлигине башка жолдор менен басымды күчөтүү керек деген сценарийлер айтылууда. Ал арада АКШ жарандарын Ирандан чыгып кетүүгө чакырды. Бул туурасында аталган өлкөдөгү элчилигинин сайтында маалымат илинип турат. Америкалыктарга Армения жана Түркия аркылуу чыгып кетүүгө кеңеш беришти.