Токмоктогу кинотеатр оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Токмокто реконструкцияланган кинотеатр ачылды.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдиргендей, реконструкция аймактардагы маданий объектилерди жандандыруу боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү болуп калды.
"Фонд тарабынан долбоорду каржылоого бөлүнгөн сумма 1,55 миллион долларды түздү. Бул каражатка Чолпон-Ата, Баткен, Кербен, Токмок, Араван жана Беловодскидеги алты кинотеатр реконструкцияланат", — деди Новиков.
Демилге 200 жумушчу орунду түзүп, алыскы аймактардын тургундарына заманбап кино тасмаларды жеткиликтүү кылат.
Токмок шаарындагы кинотеатр 1973-жылы курулган, кийин көп жылдар бою иштебей турган. Долбоордун алкагында 400 орундуу зал толугу менен оңдолуп, санариптик жабдуулар жана ыңгайлуу эмеректер коюлду. Кинотеатрдын кайра жанданышы бардык шаардыктар үчүн көптөн күткөн окуя болгону белгиленди.
"Биздин миссиябыз — өнөр жайга гана эмес, адамдардын жашоо сапатына да инвестиция салуу. Токмоктогу кинотеатр — бул бир эле долбоор эмес, бүтүндөй Кыргызстан боюнча бирдиктүү маданий мейкиндикти түзүү боюнча чоң, системалуу иштин бир бөлүгү", — деди РКӨФтүн жетекчиси.
Россия каржылаган фонддун негизги милдеттери Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана аны Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоо болуп саналат. РКӨФ 11 жыл ичинде өлкө экономикасына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салып, 3,5 миңден ашуун биргелешкен долбоорду каржылады.
Быйыл Кыргызстанда РКӨФтүн колдоосу менен 20 завод ачылды