БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке компаниядан алганда, жок дегенде 1500 доллардай айланмак. Бул тууралуу Садыр Жапаров МИК курган үйлөрдү пайдаланууга берген иш-чарада айтты.
Ал Бишкектин Маликов көчөсүнө салынган "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлерди тапшырган аземде ипотекалык батирлер 4-8 пайыз менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да төмөн экенин белгилеген.
"Мисалы, Бишкек жана Чүйдө чарчы метрин 700 доллардан "под ключ" бересиңер деп, жеке компанияларга тапшырма берип салдырабыз. Анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллар болмок", — деген ал.
Мамлекеттик ипотека батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппай калып жатканын, керек болсо 50 пайызын да жаппай турганын айткан.
Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси 39 блоктон туруп, жалпы 4 754 батири бар. Буга чейин 986 батири менен 11 блок пайдаланууга берилген. Курулушка төрт милилард сомдон ашык акча жумшалат.