Зеленский Украинада мобилизацияны жана аскердик абалды узартууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Жогорку Радага жалпы мобилизацияны жана Украинадагы аскердик абалды узартуу боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү Украина парламентинин сайтында 3-февралдан тарта аскердик абалды жана мобилизацияны 90 күнгө узартуу боюнча мыйзам долбоорлору жайгаштырылган.
Зеленский 30-октябрда ушундай эле мыйзамдарга кол койгон. Алардын мөөнөтү 3-февралда соңуна чыгат.
Эске салсак, 2022-жылдын 24-февралында Украинада аскердик абал киргизилип, эртеси күнү Зеленский жалпы мобилизация жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Зеленский Европадан Украинага ракеталардын резервин берүүнү талап кылууда