БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Европадан абадан коргонуу комплекстери үчүн ракеталардын резервин берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу ал видеокайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Биринчи артыкчылык — Европанын кампаларында сакталып турган абадан коргоочу ракеталар. Ракета бар, биз аны билебиз, баарынан кабардарбыз", — деген Киев режиминин башчысы.
Зеленскийдин айтымында, ал ракеталар Украинада болушу керек. Мындан тышкары, ал өнөктөштөрүнөн АКШнын Prioritized Ukraine Requirements List (PURL) программасы боюнча жаңы төлөм жүргүзүүнү талап кылган. Бул программанын алкагында европалык мамлекеттер Киев үчүн америкалык запастан курал-жарак сатып алат.
Россия Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууну кечеңдетип, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз катыштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге делген жүктүн баары россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Украинаны курал-жаракка шыкоосу сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып, кесепети чоң болорун бир нече ирет айткан.