БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанда кийинки узак эс алуу май айында болот.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-майдан тартып 9-майга чейин эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Эскерте кетсек, 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.
10-май жекшембиге туура келгендиктен кыргызстандыктар 11-май күнү ишке чыгат.