БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жайыл районунун Полтавка айылында өз энесин жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылды деп шектелген кишини тартип сакчылары кармады. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Органга жабырлануучунун кызы, шектүүнүн карындашы арыз жазган.
Ал аял милициядан апасын ур-токмокко алган агасына чара көрүүнү суранган. 45 жаштагы бир тууганы 76 жаштагы энесин уктап жатканда жаздык менен тумчуктуруп, ур-токмокко алганын айткан.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.С. аттуу шектүүнүн жубайы А.Г. менен WhatsApp аркылуу жазышуулары текшерилип, анда энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган", — дешти милициядан.
Шектүү эки айга камакка алынды. Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.