БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Киев бийлиги менен европалык саясатчылар Украина жаңжалын жөнгө салуучу бардык жолдорду бөгөттөө ниетинде. Бул тууралуу Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды.
"Европа менен Украина сүйлөшүүнүн баарын жокко чыгарууга умтулуп жатат. Алар Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү токтотуп, Россия сунуштаган демилгелерди жоопсуз калтырышты", — деди ал.
Анын айтымында, "атайылап түзүлгөн маалыматтык агым кабыл алынгыс сунуштарга жык болуп", биринен бири өтүп турду.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ администрациясы украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча план иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Декабрдын башында РФ президенти Владимир Путин Кремлде АКШ лидери Дональд Трамптын өкүлдөрүн кабыл алган. Өлкө башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков сүйлөшүү маңыздуу болгонун, ага россиялык армиянын ийгилиги оң таасир тийгизгенин белгилеген болчу.