Трамп Венесуэла башчысынын милдетин аткара тургандыгын жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social тармагына кызык бир маалыматты жарыялады, андан өзүнө жаңы кызматты ыйгарып алганын, тагыраагы, Венесуэла башчысынын милдетин аткарам деген жазуунун скриншотун көрүүгө болот. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган өлкөнүн лидери Николас Мадуро АКШ тарабынан уурдалгандан кийин америкалык жетекчилик Венесуэланы башкаруу милдетин өзүн алган.
Трамп Truth Social социалдык тармагынан (өмүр баянга окшош маалыматтан) жасалган скриншотту жар салды, анда Ак үйдүн башчысы Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу деп турат. Бул дайындоо 2026-жылы январда болгон сымал.
Негизи учурда азыр Латын Америка өлкөсүнүн башчысынын милдетин Дельси Родригес аткарып жатат.
2026-жыл башталары менен, тагыраагы, 3-январда Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмүнүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.
АКШнын Венесуэладагы операциясында 70ке жакын адам каза болгону айтылды