БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мальтанын Сент-Жорж булуңунда сууга чөгүп каза тапкан кыргызстандык аял туурасында билдирген ТИМ маркумдун сөөгүн Мекенине кайтарууга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.
"Маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу бардык зарыл жол-жоболорду тез арада уюштуруу үчүн Мальтанын компетенттүү органдары менен дароо байланыш түзүлдү. Ошондой эле аталган аймакта жашаган мекендештердин жардамы менен иш алып барылууда", — дешти аталган министрликтен.
ТИМден маркумдун туугандары менен түз жана үзгүлтүксүз байланышта экендигин кошумчалашты.
Эске салсак, Times of Malta басылмасы 48 жаштагы кыргызстандык аял сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган.