БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Сузакта 28 жаштагы келинди күйөөсү бычактап салган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 19:55те райондук милицияга 35 жаштагы Д.Я. телефон чалып, үй-бүлөлүк чырдан улам жубайын өлтүрүп алганын кабарлаган.
“Шектүү Россияда иштеп жүргөн. Ал 2-январда үйүнө келген. Эртеси аялы менен чырдаша кетип, анын көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайып жиберген. Натыйжада 28 жаштагы Т.Р. каза тапкан”, — деп айтылат маалыматта.
Сузак райондук сотунун чечими менен 4-январда шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.