БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Мурас" турак жай комплексиндеги ипотекалык батирлердин ачкычын ээлерине тапшырганын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө 1 080 батир берилгени айтылат.
"Комплексте жалпысынан 39 блоктон турган 4 754 батир куруу пландалган. 2024-жылы 510 батир, былтыр 476 батир ээлерине тапшырылган. Учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2 688 батир мерчемделген мөөнөтүндө ээлерине өткөрүп берилет", – деди Жапаров.
Президенттин айтымында, учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу менен Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир салынып, элге берилмекчи.