"Каалаган жерине жетет". Bloomberg Путиндин Европага берген белгиси тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Владимир Путин Европа мамлекеттеринин башчыларына "Орешник" ракетасынан жашырынууга мүмкүнчүлүк жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу Bloomberg жазууда.

"Путин европалык лидерлерге орто аралыкка атылуучу баллистикалык ракетаны колдонуу менен континенттин каалаган жерине жете аларын көрсөттү. Ай-буйга келтирбейт, аны атып түшүрүү да мүмкүн эмес", — деп айтылат макалада.

Эскерте кетсек, өткөн жума күнү Россиянын Коргоо министрлиги армия президент Владимир Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга жооп иретинде Украинанын маанилүү объектилерине гиперүндүү "Орешник" ракеталары менен катуу сокку урганын кабарлаган.
ЖМКлар Киев менен Львовдо бир нече ирет жарылуу болгонун жазышты. Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардагы инфраструктура талкаланган. Айрым райондордо электр кубаты үзгүлтүккө учураганы маалымдалган болчу.
Россия Украинага Европанын же НАТО аскерлеринин киришине макул эмес