Жапаров экс-депутаттын МИК батирлерин арзандатуу сунушуна кескин жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун Мамлекеттик ипотека компаниясынын батирлери боюнча сунушуна президент Садыр Жапаровдун берген жообун маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жарыялады.
Экс-депутат ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча жазып, анда батирлердин бир чарчы метрин элге 300 доллардан сатууга болорун айткан.
"Бул сунушту маалымат иретинде президентибизге жолдогом. Садыр Нургожоевич окуп чыгып, "демагог-популисттердин сунушу экен" деп жооп берди", — деди Орунбеков.
"Баары көзөмөлдө". Курулуш министрлиги Алтай шаарчасы боюнча үн катты