БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп каза болгонун Times of Malta басылмасы кабарлады.
Көз жумган аялдын жанындагы 23 жаштагы кыз (кызы болушу мүмкүн) ооруканага жаткырылган. Анын абалы туруктуу экени айтылды.
Кырсык 11-январда Ыйык Георгий булуңунда болгон. Полицияга кабар 12:40тар чамасында түшкөн. Күбөлөр чөккөндөрдү суудан алып чыгып, куткаруучулар келгенче алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда окуя териштирилип жатат.