Текшерүүнүн жыйынтыгы... Медициналык мекемелердин жетекчилери иштен кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Эки улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери жумуштан кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Каныбек Досмамбетов Улуттук кардиология жана терапия борбору (НЦКиТ) менен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда (НИИХСиТО) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын өткөргөн.
Текшерүүдө кардиология борборунда бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтүүдө алешемдиктерге жол берилгени аныкталган. Тиешелүү жабдыктар иштетилбей тура берген.
Эки улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери жумуштан кетти

“Министр ошондой эле дары-дармек жана медициналык жабдууларды сатып алуудагы коррупциялык көрүнүштөргө көңүл буруп, борбордун директору Талантбек Сооронбаевдин жоопкерчилиги тууралуу суроо койгон. Анын эки жыл ичинде 45 жолу чет өлкөгө чыкканы жана болжол менен 2 миллион долларга бааланган мүлкүнүн тарыхын тактоону талап кылган”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоодо мыйзам бузуулар аныкталган. Ошондой эле Садыр Жапаровдун жандандыруу бөлүмдөрүн УЗИ жана ЭХО менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасы каражат бөлүнгөнүнө карабастан аткарылган эмес.
Институттун директору Самидин Шабыралиев тарабынан жасалган операциялардан кийин бейтаптардын илдети татаалдашып, жеке клиникаларга кайра кайрылган учурлар көбөйгөнү белгиленди.

“Жабдуулар бош туруп, процесстер уюштурулбай, өлүм көбөйүп жатса — бул техниканын эмес, ишке болгон мамиленин маселеси. Бул сиздердин абийириңиздерде”, — деген Каныбек Досмамбетов.

Жыйынтыгында эки мекеменин жетекчилери ээлеген кызматтарына шайкеш келбегендигине байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтарын тапшырышкан.
1,5 млн. сом алышкан. УКМК психиатрия борборунун 6 дарыгерин кармады