Иран ТИМи: башаламандыктын катышуучуларына буйрук чет элден берилүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран менен башка шаарлардагы массалык башаламандыктардын катышуучулары адамдарга ок атуу боюнча көрсөтмөлөрдү чет өлкөдөн алып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости ирандык SNN агенттигине таянуу менен жазды.
"Тополоңчуларга "полицияны аткылагыла, алар жок болуп калса калкка кол салгыла, башкысы, кан көп төгүлүшү керек" деген билдирүүлөр чет өлкөлөрдөн түшүп турган", — деди Аракчи чет өлкөлүк элчилер менен болгон жолугушуусунда.

Ирандагы башаламандык

Декабрдын аягында Иранда улуттук валюта — риал кескин арзандап, анын дүң жана чекене баага тийгизген таасиринен улам нааразылык башталган. АКШ 2018-жылы өзөктүк келишимден чыкканга чейин доллардын көмүскө баасы 50 миң риалдын тегерегинде болчу. Азыр эркин рынокто 1 доллар 1,4 миллион риалдан ашты. Мындан улам башкы банктын жетекчиси Мохаммад Фарзин отставкага кетип, анын ордуна Абдольнасер Хеммати келген.
Айрым шаарларда митингдер полиция менен кагылышууга айланып, саясий түзүлүшкө каршы ураандар менен коштолгон. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, тополоң башталгандан бери кеминде 466 адам каза болгон. Иран бийлиги бул сандар боюнча комментарий берген жок, бирок каза болгон күч кызматкерлери тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат. Алардын саны 30га жакын.
Жекшембиде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан элге кайрылып, көйгөйдү чечүү үчүн экономикалык реформалар улана тургандыгын убадалаган. Андан сырткары, башаламандыкка Америка менен Израилди күнөөлөгөн.
Трамп болуп көрбөгөндөй чабуул жасаарын айтып, Иранды коркутканга аракет кылды