"Караш-Караш окуясындагы" тасмадагы Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган
Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган.
Момун чалдын ролун аткарган 60 жаштагы Асанкул Куттубаев. Жүрөктү титиреткен роль жана мыкты чеберчилик.
Дагы бир мыкты чыккан образ Ороскулдуку болгон. Актердун да, режиссердун да талантына баш ийип, таазим этесиң.
"Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасында атактуу актриса Сабира Күмүшалиева. 1988-жыл.
Шамандын образын жараткан атактуу актриса Даркүл Күйүкова "Ак кемеде"
Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган