Бишкекте күнү-түнү иштеген мал базары ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектеги айланма жолдун аймагында ири мал базары ачылды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жерде соода күнү-түнү жүрөт. Базардын аймагында мал союу үчүн атайын пункт ачылган.
Шарапов буга чейин мындай базар Пригородное айылында жайгашканын, бирок ал аймак борбор шаарга кошулгандан кийин ветеринардык талаптарга жооп бербеген жайлар жабылганын кошумчалады.
Мал базар: Токмокто жабылып, башкасы Виноградное айылында убактылуу ачылат