Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин түштүк тарабы ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы проспектинин түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Түштүк магистралынан Семетей көчөсүнө чейинки бөлүк жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштеринен улам жабылган. Иш 1-январда башталып, 12-январда аяктады.
Муниципалитет аталган аймакта төрт өтмөк менен аялдамалар куруларын белгилеген.
Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Видео