Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп

Sputnik
Жасалма интеллект бардык тармака жайылууда. Аны колдонууда негизги маселе”туура пайдалануу” экенин айткан адистер келечекте дүйнөлүк экономика дал ушул жасалма интеллектин айынан чоң өзгөрүүлөргө дуушар болушун болжолдошот. Өндүрүштө, билим берүүдө, медицинада, креативдүү индустрияда айтор бардык багытта ондогон, жүздөгөн адамдардын жумуш ордун басып, тактыгы жана ылдамдыгы менен алдына ат салдырбаган желе чынында эле адам жашоосуна жеңилдик алып келеби же тескерисинче кризиске кептейби? Дүйнөлүк экономикада чоң өзгөрүүлөр жасалма интеллектин кайсыл кадамдарынан улам келип чыгышы мүмкүн?
Биз бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда талкууладык.