Бишкек мэриясында жаңы дайындоолор орун алдыИран ТИМи башаламандыктын катышуучуларына буйрук чет элден берилип жатканын айттыСузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан ажал таптыАлдыда кененирээкСузакта 28 жаштагы келинди күйөөсү бычактап салган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 19:55те райондук милицияга 35 жаштагы Д.Я. телефон чалып, үй-бүлөлүк чырдан улам жубайын өлтүрүп алганын кабарлаган. “Шектүү Россияда иштеп жүргөн. Ал 2-январда үйүнө келген. Эртеси аялы менен чырдаша кетип, анын көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайып жиберген. Натыйжада 28 жаштагы Т.Р. каза тапкан”, — деп айтылат маалыматта. Сузак райондук сотунун чечими менен 4-январда шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору болуп Каныбек Жолчубеков дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал буга чейин Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору кызматын аркалаган. Ал эми Жоомарт Шамканов "Дельфин" адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Республика боюнча 2025-жылдын ичинде жалпы 25 млн 546 миң баш мал ветеринардык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мунун ичинен 23 млн 537 миң эмдөөлөр болсо, 12 млн 17 миң башка диагностикалык изилдөөлөр өткөрүлгөн. Андан сырткары, 738 миң башка мите курттардан арылууга эмдөө жүргүзүлгөнү кошумчаланды. “Өткөн жылга белгиленген план 104 пайызга аткарылды. Жалпы иш-чараларга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, негизинен 9 ооруга каршы вакциналар алынат. Алар шарп, сибирь жарасы, кутурма, кой-эчкилердин күл ылаңы, койлордун кыргыны, бруцеллез жана башкалар", -деди Шарапов.Ал мал-жандыктардын арасында жугуштуу оорулар тарап кетпөөсү үчүн мал базарларда адистер тарабынан тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран менен башка шаарлардагы массалык башаламандыктардын катышуучулары адамдарга ок атуу боюнча көрсөтмөлөрдү чет өлкөдөн алып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости ирандык SNN агенттигине таянуу менен жазды. "Тополоңчуларга "полицияны аткылагыла, алар жок болуп калса калкка кол салгыла, башкысы, кан көп төгүлүшү керек" деген билдирүүлөр чет өлкөлөрдөн түшүп турган", — деди Аракчи чет өлкөлүк элчилер менен болгон жолугушуусунда. Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 102 сом 52 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ13-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 13-январь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл кылаасында +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -9...-14 градус суук болору айтылды. Күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +12...+14 градуска жетет.