"Агрономдордун таймашы" аталышындагы республикалык сынак өттү. Анда катышуучулар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана инновациялык ыкмаларды колдонуу багытында күч сынашты. Аталган сынакта жеңүүчү болгон Мадина Артыкбай кызы “Стимул” программасында конокто болуп, сынак жана жалпы айыл чарба тармагы тууралуу ойлору менен бөлүштү.