Кыргызстандан Россияга жана Казакстанга жүк ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Долбоор келерки жылдын15-январына чейин улантылат жана ага катышуу ыктыярдуу жана акысыз. Навигациялык пломбалар соода агымын ачык кылып, текшерүүсүз алып өтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы жүктөрдү көзөмөлдөө системасына даярдайт. Долбоорго катышуу үчүн салыктык каттоодо турган жер боюнча жергиликтүү салык органдарына кайрылууга болот.
Навигациялык пломбаларды колдонуу ишкерлерге кандай пайда берет? Келечекте навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калышы мүмкүнбү? Техникалык мүчүлүштүктөр болсо эмне кылуу керек? Жүк тууралуу маалымат кимдерге жеткиликтүү болот?
Ушул жана башка суроолорубузга Мамлекеттиксалык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков жооп берди.