Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте күнү-түнү иштеген мал базары ачылды"Каалаган жерине жетет". Bloomberg Путиндин Европага берген белгиси тууралууСадыр Жапаров МИКтин батирлеринин баасын айттыАлдыда кененирээкМамлекеттик ипотекалык компания батирлерди 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке компаниядан алганда, жок дегенде 1500 доллардай айланмак. Бул тууралуу Садыр Жапаров МИК курган үйлөрдү пайдаланууга берген иш-чарада айтты. Ал Бишкектин Маликов көчөсүнө салынган "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлерди тапшырган аземде ипотекалык батирлер 4-8 пайыз менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да төмөн экенин белгилеген. "Мисалы, Бишкек жана Чүйдө чарчы метрин 700 доллардан "под ключ" бересиңер деп, жеке компанияларга тапшырма берип салдырабыз. Анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллар болмок", — деген ал. Мамлекеттик ипотека батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппай калып жатканын, керек болсо 50 пайызын да жаппай турганын айткан.
Мальтанын Сент-Жорж булуңунда сууга чөгүп каза тапкан кыргызстандык аял туурасында билдирген ТИМ маркумдун сөөгүн Мекенине кайтарууга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. "Маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу бардык зарыл жол-жоболорду тез арада уюштуруу үчүн Мальтанын компетенттүү органдары менен дароо байланыш түзүлдү. Ошондой эле аталган аймакта жашаган мекендештердин жардамы менен иш алып барылууда", — дешти аталган министрликтен. ТИМден маркумдун туугандары менен түз жана үзгүлтүксүз байланышта экендигин кошумчалашты. Эске салсак, Times of Malta басылмасы 48 жаштагы кыргызстандык аял сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган.
Бишкектеги айланма жолдун аймагында ири мал базары ачылды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов "радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул жерде соода күнү-түнү жүрөт. Базардын аймагында мал союу үчүн атайын пункт ачылган. Шарапов буга чейин мындай базар Пригородное айылында жайгашканын, бирок ал аймак борбор шаарга кошулгандан кийин ветеринардык талаптарга жооп бербеген жайлар жабылганын кошумчалады.
Владимир Путин Европа мамлекеттеринин башчыларына "Орешник" ракетасынан жашырынууга мүмкүнчүлүк жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу Bloomberg жазууда. "Путин европалык лидерлерге орто аралыкка атылуучу баллистикалык ракетаны колдонуу менен континенттин каалаган жерине жете аларын көрсөттү. Ай-буйга келтирбейт, аны атып түшүрүү да мүмкүн эмес", — деп айтылат макалада. Эскерте кетсек, өткөн жума күнү Россиянын Коргоо министрлиги армия президент Владимир Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга жооп иретинде Украинанын маанилүү объектилерине гиперүндүү "Орешник" ракеталары менен катуу сокку урганын кабарлаган. ЖМКлар Киев менен Львовдо бир нече ирет жарылуу болгонун жазышты. Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардагы инфраструктура талкаланган. Айрым райондордо электр кубаты үзгүлтүккө учураганы маалымдалган болчу.