Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп

Sputnik
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледж — Кыргызстандын алдыңкы спортчуларын тарбиялап, улуттук курама командаларга резерв даярдаган башкы билим берүү жана машыгуу борбору. Бул жерде күрөш, бокс, оор атлетика, дзюдо, футбол сыяктуу спорттун негизги түрлөрү боюнча системдүү машыктыруулар жүргүзүлүп, эл аралык аренада ат салыша турган чемпиондор калыптанат. Колледждин максаты — жаш таланттарды иргөө, алардын спорттук жана билимдик потенциалын бирдей өнүктүрүү, өлкөнүн улуттук курамаларынын түптөлүшүнө салым кошуу. Заманбап спорт залдары, машыктыруучулар курамы жана олимпиадалык резервди даярдоого багытталган программалар аркылуу бул окуу жай өлкөнүн спорттук инфраструктурасынын өзөгүнө айланып келет. Окуу жай тууралуу колледждин өкүлдорү айтып беришти.