ТИМ: Пхукетте кырсыктаган катерде эки кыргызстандык болгон

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Таиланддын Пхукет шаарында катер менен балык уулоочу кеме кагышып, 55 адам жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Korawich Marine 888 катеринде Кыргызстандын эки жараны болгон.
"Алар жаракат алган эмес, абалдары канааттандырарлык. Медициналык жардамдан баш тартышты. Экөө тең 15-январда мекенине кайтышат", — деди ТИМ.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги кыргызстандыктар менен байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөөдө.
ТИМ Мальтада каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү боюнча иштеп жатат