Иран Израиль менен АКШ кол салса жооп берерин айтып коркутту

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Тель-Авив менен Вашингтон Тегеранга агрессия көрсөтсө, Израиль менен АКШнын Жакынкы Чыгыш аймагындагы объектилери Ирандын мыйзамдуу бутасына айланат. Бул тууралуу Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин New York Times Трампка Ирандагы нааразычылыктын фонунда сокку уруу каралып жатканы кабарланганын, ал чындап макулдук берүүнү ойлонуп турганын жазган.
“Иранга сокку урулса Израиль, анын ичинде АКШнын аймактагы бардык аскердик борборлору, базалары жана кемелери биздин мыйзамдуу бутабызга айланат”, — деп билдирген Мохаммад-Багер Галибаф.
Саясатчы Тегеран өлкөнү коргоп, Американын агрессиясына жооп кайтарууда өзүн чектебей турганын белгилеген.
Декабрдын аягында Иранда улуттук валюта — риалдын кескин арзандашынан улам нааразылык башталган. Социалдык тармактарга Тегеран жана башка шаарлардагы митингдердин видеолору тараган.
Айрым жерлерде нааразылык акциялары полиция менен кагылышууларга чейин жетип, учурдагы саясий түзүлүшкө каршы ураандар менен коштолгон. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн да, митингге чыккандардын да арасынан өлгөндөр бар экени кабарланган.
Учурда Иранда инфляция абдан күчөдү. Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматы боюнча, жылдык инфляция 38,9 пайызга жеткен. Риал да кунун тез жоготкон. АКШ 2018-жылы өзөктүк келишимден чыкканга чейин доллардын көмүскө баасы 50 миң риалдын тегерегинде болчу. Азыр эркин рынокто 1 доллар 1,4 миллион риалдан ашты.
Иранда башаламандыкка катышкан 200дөй куралчан топтун башчылары кармалды