Экс-депутат Аккулу Бердиев алдамчылыкка шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги экс-депутат Аккулу Бердиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

“Б.А.Т. аттуу жаран 2022-жылы алдоо жолу менен акча каражатын алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталды. 60 жаштагы шектүү кармалды”, — деп билдирди министрлик.

Мындан тышкары, буга чейин Бердиевдин үстүнөн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар түшкөнү айтылды. Ведомство материалдар катталып, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ Аккулу Бердиевдин жубайы зомбулук көрүп жатканын айтып, УКМК башчысына кайрылган видеосу тараган. Батма Ормонова күйөөсү анын үстүнө 10 аял алганын, учурда жашап жаткан үйүнөн кууп жатканын билдирген.
Бердиев Аккулу Тагаевич — өмүр баяны