Унаа оодарылып кетейин деген... Бишкекте жол кырсыктан эки бала жабыркады

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаалар кагышып, үч адам жабыркаганын Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Кырсык Түштүк магистраль менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. KIA Optima менен Subaru Legacy унаалары кагышкан. Видеодон кара түстөгү унаа оодарылып кетейин деп барып токтогонун көрүүгө болот.
KIA унаасындагы 10, 12 жаштагы балдар менен 18 жаштагы өспүрүм жабыркап, ооруканадан амбулатордук жардам алышканы кабарланды.
Автоунаалар айып короого токтотулуп, текшерүү жүрүп жатканын Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Чүй: велосипедчен өспүрүм автоунаа коюп кетип каза тапты. Видео