БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектеги түнкү клубдарда жана эс алуучу жайларда рейд жүргөнүн ИИМ кабарлады.
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат менен “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери эс алуучу жайлардын ичинен ит менен баңгизат издеп, тиешелүү мыйзамдардын сакталышын текшеришкен.
“ИИМ түнкү көңүл ачуучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерге, анын ичинде тыюу салынган заттарды сактоого же таратууга жол берилсе кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет”, — деп жазылган маалыматта.
Мындай иш-чаранын максаты эс алуучу жайларда кылмышты алдын алуу экени белгиленди.