БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. АКШ "Ислам мамлекети"* террордук тобуна каршы операциянын алкагында Сириядагы 35тен ашык бутага сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип жазды.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы америкалык аскерлер өнөктөш күчтөрү менен бирге Сириядагы ИМ* террордук тобуна каршы сокку урганын тастыктаган.
“35тен ашык бутага 90дон ашык ок чыгарылган”, — деп жазган басылма.
Сокку урууга 20дан ашык авиация жана истребителдер тартылган.
* Россия, Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм