Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда элдин саны он айда 103,4 миң адамга өстү Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда калктын саны 7 млн 385 миңге жеткенин Статком билдирди. Аймактар арасында калктын эң чоң абсолюттук өсүшү Бишкек шаарында катталып, калк 31,7 миң адамга көбөйгөн. Экинчи орунда Ош облусу туруп, 17,3 миң адамга арбыган. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Ысык-Көл турат.
Кыргызстанда экотуризм тармагын мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу сунушталды. Мындай демилгени Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун директору Адилет Джанузаков көтөрдү. Ал бул тууралуу биздин радиого билдирди. Анын айтымында, аталган фонд, Туризм департаменти жана Экономика жана коммерция министрлиги экотуризмди жөнгө салуу маселесин биргеликте иштеп чыгышат. Талкуу учурунда туроператорлордун пикири да эске алынат. Адилет Джанузаков белгилегендей, экологиялык тропалар Кыргызстан үчүн туризмди өнүктүрүүдөгү актуалдуу багыт бойдон калууда. Учурда мындай маршруттар электрондук карталарга, анын ичинде 2ГИСке да киргизилген — туристтер тоолордо мобилдик тиркемелер аркылуу багыт ала алышат. Ошондой эле ал глэмпинг жана экотуризмди өнүктүрүү табиятка аяр мамиле менен коштолушу керектигин баса белгиледи.
Бишкектеги түнкү клубдарда жана эс алуучу жайларда рейд жүргөнүн ИИМ кабарлады. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат менен “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери эс алуучу жайлардын ичинен ит менен баңгизат издеп, тиешелүү мыйзамдардын сакталышын текшеришкен. “ИИМ түнкү көңүл ачуучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерге, анын ичинде тыюу салынган заттарды сактоого же таратууга жол берилсе кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет”, — деп жазылган маалыматта. Мындай иш-чаранын максаты эс алуучу жайларда кылмышты алдын алуу экени белгиленди.
АКШнын президенти Дональд Трамп башаламандык учурунда Иранга кол салуунун жолдору тууралуу маалымат алганын New York Times расмий өкүлдөргө таянып жазды. “Трампка Иранга жасалчу жаңы чабуулдардын варианттары боюнча маалымат берилди... Ал азырынча чечим чыгара элек, бирок анын жанындагы расмий өкүлдөр президенттин сокку урууну чындап эле ойлоп жатканын билдиришти”, — деген гезит. Басылманын айтымында, Трампка Тегерандагы аскердик эмес объектилерге чабуул жасоонун варианттары, коопсуздук күчтөрү жана нааразычылык акциялары тууралуу маалымат берилген. Гезит АКШ бийлиги чабуул жасаса, ал жактагы америкалык аскерлер менен дипломаттарга жооп кайтарыларын түшүнүп жатканын белгиледи. Трамп буга чейин Ирандын бийлигине нааразычылык акциясына чыккандар каза болсо, анын кесепети тууралуу эскерткен. Ал өткөн ишембиде АКШ Иранга “жардам берүүгө даяр” экенин айткан.