Экономика жана соода министрлиги Кыргызстандан кара металл калдыктарын жана кайра иштетүүгө арналган куймаларды чыгарууга убактылуу тыюуну дагы жарым жылга узартууну сунуштоодо. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылган. Тыюу ТН ВЭД ЕАЭБ коддору 7204 менен классификацияланган товарларга тиешелүү. Кыргызстанда беш ири кайра иштетүүчү компания жылына жалпы 490 миң тонна металл кайра иштетет. Мындан мурда экспорттук бажы төлөмдөрү киргизилген, бирок алар жетиштүү натыйжа берген эмес. Тыюу кайра киргизилсе, ички базарда сапаттуу экинчи металл калдыктарына болгон жогорку суроо-талапты канааттандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыргызстан 2025-жылы бензинди эң көп Россиядан алган. 2025-жылдын январь–октябрь айларына алынган маалыматка ылайык, республика дээрлик 608 млн литр бензин импорттогон. Өлкөгө бензин жеткирген өлкөлөр төмөнкүлөр: Россия — 524,2 млн литр Казакстан — 81 млн литр Беларусь — 2,3 млн литр Өзбекстан — 141 миң литр
Кыргызстандыктардын 76 пайыздан ашыгы аз кыймылдуу жашоо образын карманат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди. Адистердин айтымында, майрамдардан кийин ден соолукка кам көрүп, күнүмдүк жашоого көбүрөөк кыймыл кошууга ылайыктуу учур. Физикалык активдүүлүк майрамдык тамак-аштан кийин өзүн жакшы сезүүгө жана жалпы саламаттыкты сактоого жардам берет. Спорт залга баруу же чуркоону дароо баштоо шарт эмес. Таза абада сейилдөө же үй шартында жасалган жөнөкөй көнүгүүлөр да пайдалуу. Дарыгерлер физикалык активдүүлүк кан басымды нормалдаштырып, салмакты азайтууга, жүрөк-кан тамыр системасын чыңдоого, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин жөнгө салууга көмөк көрсөтөрүн белгилешет. Маалыматка ылайык, күнүнө 30 мүнөт активдүү кыймыл гипертония, инфаркт, инсульт, диабет жана рак ооруларынын алдын алат.
24-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Чыңгыз Айдаровду эскерүү кечеси уюштурулат. Бул тууралуу музейдин администрациясы билдирди. Иш-чара ачык микрофон форматында өтүп, катышуучулар Чыңгыз Айдаров тууралуу эскерүүлөрү, бирге болгон окуялар жана аны инсан, сүрөтчү катары тааныткан ойлору менен бөлүшө алышат. Чыңгыз Айдаров (1984–2025) — Кыргызстандагы заманбап искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, мультидисциплинардык сүрөтчү болгон. Ал 2022-жылы катуу инсульт алып, 2025-жылдын декабрында көз жумган.
Чоң жетинин жыл сайын өтүүчү саммити АКШ президенти Дональд Трамптын туулган күнү менен дал келип калганы үчүн башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Politico басылмасы булактарына таянып жазды. Буга чейин саммит 14–16-июнда өтөрү расмий жарыяланган. Эми ал 15–17-июнга жылдырылды. 14-июнда Дональд Трамп 80 жашка толот. Президент бул датаны белгилөө үчүн «ири UFC беттешин» уюштурууну пландап жатканы айтылды. Беттештин уюштуруучулары иш-чара Ак үйдүн газонунда өтөрүн жана ага 5 миң конок катышарын тастыкташты. Иш-чара толугу менен макулдашылган.