БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШнын экономикасынын дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү президент Дональд Трамптын тушунда 1980-жылдан берки эң төмөн деңгээлге түштү. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) маалыматына таянып жазды.
ЭВФтин маалыматына ылайык, былтыр АКШнын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү 14,65 пайызды түзгөн.
Ал эми мурдагы президент Жозеф Байдендин төрт жылдык башкаруу мезгилинде АКШнын дүйнөлүк экономикадагы орточо үлүшү 14,93 пайыз болгону айтылды.
Ошол эле учурда АКШнын номиналдык ИДПсы 2024-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы менен дээрлик 31,1 триллион долларга жетип, тарыхый максимумду көрсөттү. Федералдык кам системасынын маалыматына караганда, бул көрсөткүч Байдендин президенттигинин акыркы кварталына салыштырмалуу 3,5 пайызга өскөн.