Россия Украинага Европанын же НАТО аскерлеринин киришине макул эмес

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россия Украинага европалык же НАТОго таандык аскерлердин киришин кабыл албайт. Бул туурасында РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтты.
Ал Украинанын батышына "Орешник" ракетасы менен коюлган чабуулдун видеосун жарыялаган.
Муну ал Украинага НАТОнун жана Европа өлкөлөрүнүн аскерлерин жайгаштыруу идеясын ала чуркагандарга эскертүү катары койгонун белгилеген.
ЖМКлар мурдараак Париж ок атышууну токтотуу тартиби орногон учурда Киевге 6-8 миң жоокер жөнөтүүгө даяр экенин жазган.
"Россия Украинага европалык же НАТОго таандык аскерлердин киришин кабыл албай турганы миң жолу айтылды. Бирок "Микрон" (Франциянын президенти Эммануэль Макрон. — ред.) бул имишти кайра жайылтып келет. Чындыкка тике карайлычы, натыйжасы ушундай эле болот", — деп Медведев жазган.
РФ Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга жооп кылып “Орешник” менен сокку урду