БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Иранда тартип сакчылары башаламандыктарга катышкан 200дөй куралчан топтун башчыларын кармады. Бул тууралуу Tasnim агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Алар жашынган жайлардан арбын курал-жарак, ок-дары, гранаталар жана "Молотов коктейлдери" алынган. Агенттик аталган адамдар кармалгандан кийин башаламандыктар басаңдагандыгын белгилеген.
Декабрдын аягында Иранда улуттук валюта — риалдын кескин арзандашынан улам нааразылык башталган. Социалдык тармактарга Тегеран жана башка шаарлардагы митингдердин видеолору тараган.
Айрым жерлерде нааразылык акциялары полиция менен кагылышууларга чейин жетип, учурдагы саясий түзүлүшкө каршы ураандар менен коштолгон. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн да, митингге чыккандардын да арасынан өлгөндөр бар экени кабарланган.
Учурда Иранда инфляция абдан күчөдү. Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматы боюнча, жылдык инфляция 38,9 пайызга жеткен. Риал да кунун тез жоготкон. АКШ 2018-жылы өзөктүк келишимден чыкканга чейин доллардын көмүскө баасы 50 миң риалдын тегерегинде болчу. Азыр эркин рынокто 1 доллар 1,4 миллион риалдан ашты.