Бишкек: милиция шаардыктарга мыйзамсыз сактап жүргөн куралды тапшырууну эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Борбор калаанын милициясы шаардыктарга мыйзамсыз сактап жүргөн курал-жарак менен ок-дарыны ыктыярдуу түрдө тапшырууну эскертти.
Бишкекте 1-январдан тарта 1-апрелге чейин өтө турган "Арсенал" аттуу профилактикалык иш-чара коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
"Мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды ыктыярдуу түрдө тапшырган учурда, мыйзамга ылайык, жоопкерчиликтен бошотуласыздар. Эгерде сиздерге курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча маалымат белгилүү болсо, жакынкы ички иштер органына же 102 телефону аркылуу билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деп тартип сакчылар шаардыктарга жана Бишкектин конокторуна кайрылышкан.
Иш-чаранын максаты – ок атуучу, газ, травматикалык жана башка куралдарды, ок-дарыны мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү жана сатуу фактыларын аныктоо, бөгөт коюу, ошондой эле аларды колдонуп жасалуучу кылмыштарды алдын алуу.
1-январдан бери 17 курал алынган. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Киши өлтүрүү, аткезчилик жана каракчылыкка шектелген УКТ мүчөлөрү кармалды