Бир жыл ичинде "ак шумкарлардын" чеберчилигинин баасы өстү. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргыз футболчуларынын декабрдын аягына карата жалпы трансфердик суммасы 7 миллион 630 миң еврону түздү. Бул тууралуу германиялык Transfermarkt интернет-басылмасы жазды.
Эске салсак, бир жыл мурда 7,5 миллион евро болчу.
Командадагы эң кымбат оюнчулар:
чабуулчу Жоэл Кожо — 600 миң евро;
жарым коргоочу Эрбол Атабаев — 500 миң евро.
Дарбазачы Эржан Токотаев, борбордук коргоочу Тамирлан Козубаев жана вингер Гүлжигит Алыкуловдун кызматы 450 миң еврого (ар бири) бааланган.
Жалпысынан портал кыргызстандык 26 футболчунун "баасын" чыгарган.
Кыргызстан менен Сауд Арабия футбол тармагында кызматташат. Документке Ташиев кол койду